Чек арадан жаракат алгандардын бирөө каза болду

29 апрель 2021 18:24 3242 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдан жаракат алгандардын бирөө каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, саат 18:00го карата ооруканага дагы 5 адам келип түшкөн.

"Жалпы, чек арадагы ок атышуудан улам, ооруканага 17 адам алынып келинген. Анын ичинен бирөө амбулатордук дарыланууга чыгарылды. Бир адам каза болуп калды", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 29-апрелде чек арада абал барган сайын курчуп, тажик тарап минометтер, гранатометтор, пулемёттор менен аткылоону баштаганын УКМК маалымдаган. 

Буга чейин, мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев шашылыш түрдө Баткен облусуна учуп кеткени маалым болгон. 

Эске сала кетсек, бүгүн, 29-апрелде чек арадагы кырдаалга байланыштуу Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык турат.

Кече, 28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыр чыккан. Анда, тажик тарап такталбаган аймакка видео көзөмөл орнотуп алгандан улам, кыргыз жарандары коңшу өлкөнүн чек ара кызматкерлеринен видео байкоону алып коюушун талап кылышкан. Бирок, бул окуя эки тараптын түшүнбөстүгүнө алып келип, ок атышуу, таш ыргытышууга чейин алып келген.

"Головной" тилкесиндеги 28-апрелде болгон кагылышуудан тажик тараптан төрт, кыргыз тараптан төрт адам жарадар болгону айтылган.


Ссылка: https://barometr.kg/chek-aradan-zharakat-algandardyn-bir-kaza-boldu



Добавить комментарий