Чек арадагы кырдаал: Ок атышуу дагы деле токтой элек

29 апрель 2021 14:15 563 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курч бойдон калып, ок атуу дагы да токтой элек. Бул тууралуу "Барометрге" жергиликтүү тургун кабарлады. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-апрель түшкө маал болуп калса да тажик тарап ок атууну токтотпой жатканы айтылды. 

"Биздин аскер кызматкерлери тарабынан бир да ок атылган жок. Тажик тарап биз тарапка тынбай ок чыгарып жатышат. Эмнеге, бийлик биздин аскерлерге тажик тарапка жооп кайтарууга буйрук бербей жатат? Чек араны коргойм деп, туулган жерин таштабай кайтарып турган жаш балдар октон жаркат алып жатса, биздикилер карап турушат", - деди жергиликтүү тургун. 

Белгилей кетсек, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кырдаал курчуп жаткан Баткенге качан барары белгисиз экенин аталган кызматтын маалымат кызматы кабарлаган. 

Ал эми, бүгүн, 29-апрелде Жогорку Кеңеш саат 16:00до жабык эшик артында Баткендеги чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрөрүн парламенттин басма сөз кызматы кабарлаган. 

Ошондой эле, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү кабарланды. Эки тарап, элдерди чагымчылдыкка алдырбоого үндөп, кырдаалды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кылып жатканы айтылды. 

Эске сала кетсек, бүгүн, 29-апрелде чек арадагы кырдаалга байланыштуу Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык турат.

Кече, 28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыр чыккан. Анда, тажик тарап такталбаган аймакка видео көзөмөл орнотуп алгандан улам, кыргыз жарандары коңшу өлкөнүн чек ара кызматкерлеринен видео байкоону алып коюушун талап кылышкан. Бирок, бул окуя эки тараптын түшүнбөстүгүнө алып келип, ок атышуу, таш ыргытышууга чейин алып келген.

"Головной" тилкесиндеги 28-апрелде болгон кагылышуудан тажик тараптан төрт, кыргыз тараптан төрт адам жарадар болгону айтылган.


Ссылка: https://barometr.kg/chek-aradagy-kyrdaal-ok-atyshuu-dagy-dele-toktoj-elek



Добавить комментарий