Чек ара аймагынын тургундары: Бийлик аялдарды жана жаш балдарды коопсуз жайга алып кетсин

29 апрель 2021 12:16 1496 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаралган кырдаалдан улам аялдар жана жаш балдар баш калкалап мечиттин алдында олтурушат. Бул тууралуу соцтармактарга жүктөлгөн видео материалга шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Анда, аялдар, кары-картаңдар жана балдар коопсуз аймактарга чыгып кетели десе жолдор жабык болуп жатканы айтылат.

Айла жоктон, Көк-Таш айылындагы мечиттин алдында олтурушканын айтышат тургундар.

Видео аркылуу алар, кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоп, жаш балдарды, кары-картаңдарды, кыз-келиндерди коопсуз жайга чыгарып кетүүсүн өтүнүшкөн.

Эске сала кетсек, бүгүн, 29-апрелде чек арадагы кырдаалга байланыштуу Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык турат.

Кече, 28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыр чыккан. Анда, тажик тарап такталбаган аймакка видео көзөмөл орнотуп алгандан улам, кыргыз жарандары коңшу өлкөнүн чек ара кызматкерлеринен видео байкоону алып коюушун талап кылышкан. Бирок, бул окуя эки тараптын түшүнбөстүгүнө алып келип, ок атышуу, таш ыргытышууга чейин алып келген.

"Головной" тилкесиндеги 28-апрелде болгон кагылышуудан тажик тараптан төрт, кыргыз тараптан төрт адам жарадар болгону айтылган.


Ссылка: https://barometr.kg/chek-ara-ajmagynyn-turgundary-bijlik-ayaldardy-zhash-baldary-menen-koopsuz-zhajga-alyp-ketsin



Добавить комментарий