Бычакталып каза болгон сомбо чемпионунун өлүмүнө шектелип анын жердеши кармалды

7 сентябрь 2018 16:30 2382 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын самбо боюнча чемпиону, 28 жаштагы Бекзат Жаныбековдун өлүмү иликтенүүдө. 

Бул тууралуу Бишкектин ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалым болгондой, кылмышка шектүү катары маркумдун жердеши, Жалал-Абад облусунун 33 жаштагы тургуну кармалды. Алгачкы суракта ал окуяга уруш себеп болгонун айтып берген. 

Ал сөздөн сөз чыгып уруша кеткенин, колуна бычак сыяктуу нерсени алып уруп жибергенин жана кандай жараат алганын көрбөгөнүн айтууда.

Окуя 3-сентябрда Ленин районунун аймагында болгон. Кылмышка шектүү адам убактылуу кармоочу жайга камалды. Кылмыш кодексинин 104-беренесинин(Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) негизинде иш козголуп, тергөө жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/bychaktalyp-kaza-bolgon-sombo-chempionunun-lmn-shektelip-anyn-zherdeshi-karmaldy



Добавить комментарий