Кыргызстандык самбочу Бекзат Жаныбеков бычакталып каза болду
Поделиться в:
Кыргызстандык 28 жаштагы самбочу Бекзат Жаныбеков бычакталып, алган жаракатынан улам көз жумду. Бул тууралуу Самбо федерациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Жаныбеков 3- сентябрь күнү каза таап, эртеси жерге берилген.
Окуяга балдар ортосунда чыккан чыр чатак себеп болгон.
3-сентябрда борбордогу Кулиев жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде балдар мушташып, натыйжада 28 жаштагы Бекзат Жаныбеков төш жагына учтуу нерседен жаракат алып, ооруканадан каза тапкан.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-sambochu-bekzat-zhanybekov-bychaktalyp-kaza-boldu
Добавить комментарий ×