Бишкекте жаранды опузалап, эки үйүн бирдей өзүнө каттатып алууга аркеттенген шектүү кармалды

15 май 2023 13:53 1143 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Башка бирөөнүн бир эмес эки үйүн бирдей коркутуп өзүнө уаттатып алууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, милицияга Бишкек шаарынын тургуну опузалап талап кылуу фактысы боюнча арыз менен кайрылган. 

“Анда шектүү жаран 2022-жылдын август айынан бери жабырлануучуну  жана анын үй-бүлөсүн коркутуп, өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирип, опузалап акча каражатын жана үй мүлкүн талап кылып, кыймылсыз мүлкүн өзүнө каттатып берүү талабын коюп келген.

Териштирүүдө маалым болгондой, опузалап талап кылган адам бир үйдү эмес, жарандын бүтүндөй эки үйүн өзүнө каттатып алуу аракетин көргөн.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «Опузалап талап кылуу» менен кылмыш иши козголгон.

Жакында  ИИМдин КИББнын Бишкек шаары боюнча УКККБнын ыкчам кызматкерлери жана ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүлөрү тарабынан Атайын багыттагы полкунун Атайын операциялар отрядынын  кызматкерлерин тартуу менен шектүү жаран 2000-жылы туулган У.С.  кыймылсыз мүлктү каттоого документтерди даярдоо учурунда кармоо иш-чарасы жүргүзүлгөн.

Шектүү адамга таандык «Лексус» үлгүсүндөгү  автоунаага тинтүү жүргүзүү учурунда «Макаров»  тапанчасына окшош ок атуучу куралы жана анын 13 даана октору табылып алынган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ошондой эле, тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жашаган жеринен ок атуучу куралдар: снайпердик ок атуучу куралы, «Сайга» үлгүсүндөгү ок атуучу куралы, эки тапанча, 7,62 калибрдеги 100дөн ашык октору, ошондой эле башка ок атуучу куралга таандык октор жана бычак табылып алынган.

Учурда, опузалап талап кылуу фактысы боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zharandy-opuzalap-eki-jn-birdej-zn-kattatyp-aluuga-arkettengen-shekt-karmaldy



Добавить комментарий