Сокулукта карызын доолаган жаранды шериктери менен өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды

26 июль 2023 16:10 1850 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сокулук районунда 33 жаштагы жаранды өлтүрүүгө шектелип үч  адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалыматына шилтеме берипи ”Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, 22-июль күнү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Ч.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, күйөөсү дайынсыз болуп жатканын билдирген. 

“22-июль 1990-жылы туулган К.Ж.  эртең мененки саат 09:00 чамасында үйүнөн унаасы менен чыгып, кайтып келбегенин билдирген.            

К.Ж. аттуу жаранга таандык автоунаа айылдын четинен табылып, шек жараткан.
Бул факт Сокулук районунун ИИБде катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө К.Ж. аттуу жаран жоголгон күнү, андан карызга акча алып, кайтарбай жүргөн таанышына кеткендиги аныкталган.
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Сокулук райондук ИИБтин кызматкерлери жүргүзгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган кылмыш ишине шектүү катары Сокулук районунун тургундары 1988-жылы туулган Р.Ю., 1993-жылы туулган Р.Д. жана 1965-жылы туулган Д.А. аттуу жарандар аныкталып, алардын оор кылмышка катыштыгы бар экендигине талашсыз далилдер табылган.
Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда шектүүлөр дайынсыз жоголгон К.Ж. аттуу жаранды өлтүрүп, сөөгүн айыл четине катып коюшкан.
Учурда "адам уурдоо" беренеси менен козголгон кылмыш иши "адам өлтүрүү" беренесине өзгөртүлүп, тергөө тарабынан жасалган оор кылмыштын бардык жагдайлары такталып жатат.
Шектүүлөр Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.
Тергөө иштери уланууда”, -деп айтылат маалыматта.
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/sokulukta-karyzyn-doolagan-zharandy-sherikteri-menen-ltrg-shektlr-karmaldy



Добавить комментарий