Ысык-Атада 16 жашар кызга нике кыйган айыл имамы кармалды

20 октябрь 2023 11:53 1257 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Ата районунда жашы жете элек кызга нике кыйганды үчүн айылдын имамы кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматта, имам 16 жашар кызга нике кыйгандыгы айтылат.

“Ысык-Атада милиция Коомдук коопсуздук кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын тургуну 2002-жылы туулган Н.Ш. аттуу жаран 2008-жылы туулган С.Н. аттуу жаш өспүрүмгө үйлөнүп, алардын никесин 1971-жылы туулган Р.А. аттуу имам кыйгандыгы аныкталган.  

Аталган факт Ысык-Ата РИИБине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренесинде көрсөтүлгөн (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда 1971-жылы туулган Р.А. аттуу имам жана 2002-жылы туулган Н.Ш. аттуу жаран аталган кылмыш ишине шектүү катарында Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-atada-16-zhashar-kyzga-nike-kyjgan-ajyl-imamy-karmaldy



Добавить комментарий