"Булбулсуз өткөн бир жыл". Бүгүн Элмирбек Иманалиев каза болгон күн

20 апрель 2021 14:40 5877 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дал ушул күнү, 2020-жылдын 20-апрелинде алп акын, обончу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиев каза болгон. "Барометр" залкар акынды эскерип, анын кайталангыс талант экенин көз жаздымдан өткөрүүнү туура көрдү. 

Мына минтип, акыныбыздан айрылганыбызга дал ушул күнү туура бир жыл болду.

Эскерте кетсек, залкар акын Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын 20-апрелде кант диабети оорусунан улам ооруканадан 42 жаш курагында каза болгон.

Бүгүн, 20-апрелде алп акыныбыздын арабыздан кете бергенине бир жыл болгонун эскерип, анын достору, замандаштары, шакирттери куран окутуп, аттиң, дагы жашаса эмне деп муңканып олтурушат.

Элмирбек Иманалиевдин жакын досу, акын Жеңишбек Жумакадыр өзүнүн соцтармактагы баракчасына акындын “Булбулум” чыгармасынын обонуна салып, ыр чыгарып, жүрөктү сыздаткан эскерүүсүн жарыялады.


Акыныбыз арабыздан өтүп кетсе да, Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фонд ачылып, анын элине калтырган обондору, сөздөрү, наакыл кептери эскерилип турат. Ошондой эле, акындын туулган жери Токтогул районуна да Элмирбек Иманалиев атындагы китепкана ачылып, жаш муунга залкарыбыздын өмүр таржымалы окутулууда. 

Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 15 жашынан төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып, калың журтка таанылган. Казак-кыргыз журтчулугуна төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. 2016-жылы ага КРдин эл артисти наамы берилген.

42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан акындын артында үч уул, үч кызы, эки небереси калды.

Акын каза болгон учурда коронавирус илдети күч алып турганына карабай миңдеген мекендештерибиз улуу залкар менен коштошуу зыйнатына келишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/bulbulsuz-tkn-bir-zhyl-bgn-elmirbek-imanalievdin-kaza-bolgon-kn



Добавить комментарий