Элмирбек Иманалиев кайсы оорудан о дүйнө салганы айтылды
Ак таңдай акын, кыргыз эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелде 42 жашында дүйнө салды. Акындын жакындарынын айтымында, ал ооруканада үзүлгөн. Ал кант диабетинен жабыркап жүргөн жана 20-апрелде кечинде ооруканага түшкөн.
Улуу акындын артында беш баласы калды. Ал эки неберенин жытын жыттаганга жетишкен.
Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Ал бир нече республикалык жана эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү, калк жактырып уккан бир нече обондордун автору. Ал ырчы, обончу катары "Аруузатым", "Булбулум", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы", "Мунарым", "Балкыма" сыяктуу эл оозуна алынган чыгармаларды жараткан.
Акын Бактыгүл Чотурава Элмирбек Иманалиев төмөнкү ыр саптары менен эскерди.
Жамгырдай мөлтүр ыр менен,
Жалпы журтка келдиң бек!
Уулу болуп кыргыздын,
Урматын дагы көрдүң көп.
Ойдо жок жерден ордуң бош,
О дүйнө сапар сен түндөп...
Агарган бир таң ыйлады,
Акынды өлүм жеңдиң деп.
Эсил кайран эми үкөм,
Эмне эрте кеттиң Элмирбек?!!
Ссылка: https://barometr.kg/elmirbek-imanaliev-kajsy-oorudan-o-djn-salgany-ajtyldy
Добавить комментарий ×