Буга даярсызбы? Сиз арыла турган 6 адат

14 сентябрь 2022 09:02 3369 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзүңүздүн дайыма эле жасап  көнүп калган,  бирок зыяндуу экенинине анча көңүл бурбаган адаттарыңыз барбы? Кайсы адаттардан арылуу адамдын жашоосун бир кыйла жеңилдете турганын психологдун кеңешине таянуу менен barometr.kg сунуштайт.

Алкоголь

Албетте анын зыянын айтпаган жазбаган киши жокко эсе.Баары эле алкоголь зыяндуу экенин айтып келишет. Аларга кошумча биз дагы сиз 40 жаштан өтүңүзбү, 20 жаштан өттүңүзбү аны эч аесуз таштоо керек экенин эстен чыгарбашыңызды өтүнөбүз.  

Чылым чегүү

Чылым чегүү балким чымыркана жумуш иштеген оор күндөн кийин  жардам берет дегендер бар.Ошентсе дагы анын зыянын ойлоп таштоого аракет кылып көрүңүз.

Салыштыруу

Адамды эң эле катуу стресс кыла турган нерсе бул-өзүнүн жашоосун башка бирөөгө салыштыруу. Instagram, Tik-Tok жылдыздарын оюңуздан алып салып өз жашооңузга гана караңыз. Балким бул адамдардын сиз билбеген кыйынчылыктары бардыр.Сиздин жашооңуз аларлдын жанында бейиштир. Ошондуктан жашооңузду баалаңыз.

Өзүңүздү уялтуу 

Адамдар мисалы, англис тилин же орус тилин билбегени үчүн уялышат. Балким ашыкча салмагы үчүн уялышат, кирешеси аз экенине уялышат. Антип уяла берүү менен эч ким эч качан пайда тапкан эмес.Анын ордуна өзүңүздүн артыкчылыктарыңызды алдыга алып чыгыңыз.

Өкүнүч 

Өткөн нерселерге эч качан өкүнбөөнү үйрөнгөн адамдар чыныгы бактылуу адамдар.Өткөн нерсени эмес алдыдагы жана азыркы нерсени гана кароо керек деген адамдар чыныгы ийгиликтерди жаратышат.Ошондуктан өткөн нерсеге өкүнүүнүн кажети жок.  

Пайдасыз нерселерди керектөө

Пайдасыз, негативдүү жаңылыктарды көрүү, пайдасын контенттерди кароо менен убакыт өткөрүүдөн дагы эч өкүнбөй туруп арылган жакшы.

Ссылка: https://barometr.kg/buga-dayarsyzby-siz-aryla-turgan-6-adat



Добавить комментарий