Үйгө жакырчылыкты чакырып турган буюмдар кайсылар?
Көптөгөн адамдар үйүнө негативдүү энергияны алып келе турган буюмдар тууралуу билбейт деп эскертишет биоэнергетика тармагындагы адистер. Алардын пикиринде төмөнкү буюмдар үйдүн финансылык абалына тескери таасирин берет экен. Бул тууралуу barometr.kg сиздерге сунуштайт.
1.Баардык сынган буюмдар.Сынган диван, туткасы түшүп калган шкаф.Аларды тез арада оңдотуу керек.
2. Жарака кеткен идиш-аяктар. Мындай идиш аяктарга негативдүү энергия топтолот экен.
3.Сизге ниети түз эмес адамдар берген белектер.
4. Үйдөгү таштандылар, ашыкча хлам. Эски гаджеттер, сынган техника, жыртык кийимдер, колдонулбай турган көп буюмдар тескери энергетиканы чакырат.
5. Эски, кооз эмес, жыртык капчыктар дагы акчалуу болууга залакасын тийгизет.
6. Балыктын сүрөтү тартылган картиналар дагы зыяндуу экенин фен-шуй адистери белгилеп жүрүшөт.
7. Жасалма гүлдөр жана аларды кароо каржылык маселелерди пайда кылат.Ал эми кургатылган гүлдөр да ушундай эле таасир берет.
8. Ракушкалар, айбанттардын же канаттуулардын катырылып коюлган жасалгалары, катырылган көпөлөктөр-мунун баары тескери энергетика менен байлыкка жол тосо турган буюмдар делип эсептелет экен.
Ссылка: https://barometr.kg/jg-zhakyrchylykty-chakyryp-turgan-buyumdar-kajsylar
Добавить комментарий ×