Ботаникалык бакчада жашы жете элек өспүрүм бычакталып каза болду

12 июнь 2023 12:05 437 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин Шопен көчөсүндөгү Ботаникалык бакчада жашы жете элек өспүрүм бычакталып, каза болду. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, 9-июнь күнү саат 22:20 чамасында жашы жете элек бала бычакталып, алган жаракатынан улам, ал каза болгон. 

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 12-июнда билдиргендей, милиция кызматкерлери тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү») боюнча кылмыш иши козголду. 
Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү 2007-жылы туулган А.Р. кармалган. Сот аны 2 айга №14 түзөтүү колониясына (Чүй районунун Вознесеновка айылындагы жашы жете электердин колониясы) камакка алды.  
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/botanikalyk-bakchada-zhashy-zhete-elek-sprm-bychaktalyp-kaza-boldu



Добавить комментарий