Ботаникалык бакчада жашы жете элек өспүрүм бычакталып каза болду
Бишкектин Шопен көчөсүндөгү Ботаникалык бакчада жашы жете элек өспүрүм бычакталып, каза болду. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 9-июнь күнү саат 22:20 чамасында жашы жете элек бала бычакталып, алган жаракатынан улам, ал каза болгон.
Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 12-июнда билдиргендей, милиция кызматкерлери тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү») боюнча кылмыш иши козголду.
Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү 2007-жылы туулган А.Р. кармалган. Сот аны 2 айга №14 түзөтүү колониясына (Чүй районунун Вознесеновка айылындагы жашы жете электердин колониясы) камакка алды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/botanikalyk-bakchada-zhashy-zhete-elek-sprm-bychaktalyp-kaza-boldu
Добавить комментарий ×