Блогер Sydyman эки айга камакка алынды
Бөлүшүү:
Блогер Элмир Сыдыманов (Sydyman) Октябрь райондук сотунун өкүмү менен №1 СИЗОго эки айга камакка алынды. Бул тууралуу "Барометр" агенттигине Октябрь РИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, блогер сотко чейинки тергөө амалдары аяктаганга чейин убактылуу кармоо жайында болот.
Белгилей кетсек, Instagram тармагында Sydyman деген ат менен белгилүү Элмир Сыдыманов расалык, этникалык, улуттук диний жана аймактар аралык кастыкты козутту деген шек менен 17-февралда кармалган.
Ал эми блогердин Instagram тармагында айткандарында аймактар аралык кастыкты козута турчу сөздөр экенин атайын эксперттер билдиришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/bloger-sydyman-eki-ajga-kamakka-alyndy
Добавить комментарий ×