Чала таанышынын ири өлчөмдөгү акчасын алдап кеткен жаран кармалды
Бишкек шаарында жарандын ишеничине кирип, чогуу ишкерлик кылабыз деп, ири өлчөмдөгү акчасын алып, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалыматы кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 13-мартта милицияга аял киши кайрылып, 2020-жылдын июль айында чала тааныш адамы чогуу ишкерлик кылабыз деп, 3 миң 400 долларын алып, ошол бойдон качып кеткенин айтып чара көрүп берүүнү суранган.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктадын бирдиктүү реестрине 204-берене (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
“Ыкчам иликтөөнүнү жыйынтыгында, 1983-жылы туулган А.М аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Азыркы учурда, шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктоо боюнча мындан аркы тергөө иш-чаралары жана ыкчам иш-чаралар улантылууда”, - деп айтылат маалыматта.
Милиция жогорудагы адамдын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар болсо билдирип коюуну өтүнөт. Байланыш үчүн төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар: 0 (702) 006- 333 жана 102.
Добавить комментарий ×