Блогер Sydyman аймактар аралык кастыкты козутту деп милиция тарабынан кармалды - сүрөт

17 февраля 2020 13:50 1506 Barometr
Поделиться в:
ok

Instagram тармагында Sydyman деген ат менен таанылган блогер Элмир Сыдыман расалык, этникалык, улуттук диний жана аймактар аралык кастыкты козутту деген шек менен кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясында сурак берди. Бул тууралуу РИИБдин маалымат кызматы билдирди.

“Октябрь РИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү издөө иш-аракеттеринин негизинде 1997-жылы туулган С.Э. аттуу жаранды кармашты. Учурда ал убактылуу кармоо жайына киргизилди”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/bloger-sydyman-uluttar-aralyk-kastykty-kozuttu-dep-miliciya-tarabynan-karmaldy



Добавить комментарий