Соттун чечими менен Кумтөр мамлекетке 2,1 миллиард сом төлөй турган болду

14 май 2021 20:05 3652 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын, Октябрь райондук сотунун чечими менен мамлекеттин пайдасына "Кумтөр Голд Компани" ишканасынан 10 583 157,83 сом өндүрүлөт. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунун маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2021-жылдын 14-майындагы чечими менен Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө департаментинин "Кумтөр Голд Компани" ЖАКка карата камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндөгү доо арызы канааттандырылды. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын суммасы 2 105 631 566,26 сом жана мамлекеттин пайдасына "Кумтөр Голд Компани" ишканасынан 10 583 157,83 сом мамлекеттик алым, мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү.

Иш боюнча тараптар 30 күн аралыгында бул чечимге карата апелляциялык даттанууну келтирүүгө укуктуу", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/kumtr-gold-kompani-ishkanasy-kyrgyz-mamleketine-kancha-akcha-tlp-beret



Добавить комментарий