Бишкектин тургунунун үйүнөн 4 тонна таштанды чыгарылды

28 июль 2022 13:23 862 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн 4 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, шаар тургунунун үйүндогү чогулган таштанданы Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлери, РИИБ, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте тазалашкан.

"Байтик-Баатыр көчөсүндөгү жайгашкан жеке турак жайдын таштандыларын чыгарышты. Үйдүн ээси таштандыларды бир нече жылдан бери чогултуп келген. Өз кезегинде кошуналар адам чыдагыс жыт болуп жатканы тууралуу райондук администрацияга арызданышкан.Окуя болгон жерге барганда короо тиричилик таштандыларына толуп кеткени аныкталган. Жалпысынан 4 тоннага жакын таштанды чыгарылып, «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери жана бир жүк ташуучу унаа тартылган. Үй ээси менен санитардык нормаларды бузуунун ушул сыяктуу фактыларына жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-turgununun-jnn-4-tonna-tashtandy-chygaryldy



Добавить комментарий