Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованы камакта калтырды
Бөлүшүү:
Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы башкы прокурор, «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Аида Салянованын бөгөт чарасын кабыл алып, 26-июнга чейин камакта калтыруу тууралуу чечими чыгарды.
Сотко Салянованын адвокаты гана катышты.
Эскерте кетсек, 3-июнда экс-башкы прокурор Аида Салянова 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди бошотуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 48 саатка кармалган. Эки күндөн бери Салянованын бөгөт чарасын күтүп тарапташтары соттун имаратынын алдында күтүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-birinchi-maj-rajonduk-sotu-aida-salyanovany-kamakta-kaltyrdy
Добавить комментарий ×