Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованы камакта калтырды

5 июня 2019 21:19 2937 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы башкы прокурор, «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Аида Салянованын бөгөт чарасын кабыл алып, 26-июнга чейин камакта калтыруу тууралуу чечими чыгарды.  

Сотко Салянованын адвокаты гана катышты.  

Эскерте кетсек, 3-июнда экс-башкы прокурор Аида Салянова 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди бошотуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 48 саатка кармалган. Эки күндөн бери Салянованын бөгөт чарасын күтүп тарапташтары соттун имаратынын алдында  күтүштү.  

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-birinchi-maj-rajonduk-sotu-aida-salyanovany-kamakta-kaltyrdy



Добавить комментарий