Бишкектин базарларындагы эт саткан жайлар коронавируска карата дезинфекция кылынды

3 март 2020 11:13 674 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги “Ош” жана “Аламүдүн” базарларында эт жана сүт-азыктарын саткан жерлер дезинфекция кылынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору билдирди.

Ага ылайык, дезинфекция кылуу иштери “Акиф” павильонунда, жеке ишкер Алыбаевдин соода күркөлөрү жана “Кадам” павильонунда жасалды.

Мындай кадамдар жугуштуу оорулар анын ичинде коронавирустун алдын алуу максатында ишке ашты.

Эң акыркы маалыматтар боюнча коронавирус үч миңден ашык кишинин өмүрүн алып, 91 миңден ашык кишиге жукту

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-bazarlaryndagy-et-satkan-zhajlar-koronaviruska-karata-dezinfekciya-kylyndy



Добавить комментарий