Коронавирус 91 миңге жакын кишиге жукту

3 марта 2020 09:29 708 Barometr
Поделиться в:
ok

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 3116 кишини түздү. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.

Ага ылайык, учурда 90 888 кишиге вирус жукканы расмий ырасталды. Ошол эле маалда ооруну жеңип үйүнө 48 002 киши чыгарылды.

Вирус Кытайдын тышына дагы жайылып, учурда Ирандагы абал бир аз кооптуу. Себеби бул жакта вирустан каза болгондордун саны күн санап өсүп, учурда 66 кишиге жетти. Ал эми оору 1 501 кишиге жукканы расмий тастыкталды. Ошондой эле каза болгондор Түштүк Корея (28), Италия (52) Япония (5), Diamond Princess (6), Франция (3) жана бир нече мамлекетте катталды.

Эске салсак, оорунун Кыргызстанда жайылуусунун алдын алуу жана ага жол бербөө боюнча түзүлгөн республикалык штабдын билдирүүсү боюнча өлкө аймагында ооруну жуктургандар жок. Андан сырткары чек арада Кыргызстанга кирип жаткандарды текшерүү үчүн атайын жабдуулар орнотулган.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-91-mige-zhakyn-kishige-zhuktu



Добавить комментарий