Бишкекте жаңы салынып жаткан инфекциялык оорукананын 70 пайызы бүткөрүлдү

8 сентябрь 2020 16:46 1031 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте курулуп жаткан  инфексиялык оорукананын  70 пайызы бүткөрүлдү. Бул тууралуу премьер - министр Кубатбек Бороновдун маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

«Саламаттык сактоонун бир катар объектисинде курулуш жана ремонттук-калыбына келтирүү иштери жүрдү», - деп Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, алардын ичинен 4-сентябрга карата жети ооруканада иштер бүттү: 

1 Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы №59 кесиптик-лицейдин профили өзгөртүлдү – 150 орундуу оорукана.

2 Орловка шаарындагы 45 орундуу оорукана толук ремонттолду.

3 Баткен шаарындагы поликлиниканын эски имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, 90 орундуу оорукана түштү.

4 Жалал-Абад шаарында хирургиялык борбору – 100 орундуу.

5 Көк-Жаңгак шаарындагы калкты медтейлөө борбору – 60 орундуу.

6  Каракол шаарында областтык бириккен оорукананын башкы бөлүмү – 150 орундуу.

7 Чолпон-Ата шаарындагы райондук оорукана – 70 орундуу.

Калган ооруканаларда иштер толук кандуу жүрүп жатат.  Эл арасында Бишкек шаарында курулуп жаткан инфекциялык ооруканага айтылган сындар көп болууда. Айта кетүүчү нерсе, оорукананын учурда 70%ы бүткөрүлдү. Бул оорукана тез курулуучу атайын конструкция менен тургузулган. Ал ар кандай инфекциялык ооруларга, анын ичинде коронавируска каршы күрөшүүгө пландаштырылып, салынууда.

«Булар менен бирге дары-дармектердин запастары камдалып, фарм компаниялардын аларды алып келүүсү боюнча маалыматтар күнүгө такталып турат. Ошондой эле салынып жаткан ооруканалар медициналык техника жана эмеректер менен толук жабдылат», - деп билдирди Боронов.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhay-salynyp-zhatkan-oorukananyn-70-pajyzy-btkrld



Добавить комментарий