Новопокровка айыл өкмөтүнүн башчысы дыйканчылыкка жарактуу 20 гектар жерди сатып жиберген

19 февраль 2024 18:26 1738 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Новопокровка айыл өкмөт башчысы жана бир нече мамлекеттик кызмат адамдары 20 гектар айдоо жерди жеке адамдарга мыйзамсыз берип жиберген. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой,  “Коррупция” беренеси боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө 35 кыймылсыз мүлк камакка алынган. 

“Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айыл өкмөтүнүн жетекчилери өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, жеке жактарга жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги аныкталган.

Башында, Тунгуч кичи районуна жакын жайгашкан 323-контурдагы жер тилкелер жеке жактарга ижарага берилет деп  божомолдонгон. Бирок, азыркы учурда бул тилкелерде жеке турак үйлөр үчүн курулуш иштери жүрүп жатат. Текшерүү учурунда 2016-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым кызмат адамдары Новопокровка айылдык кеңешинин отурумунун жасалма протоколунун негизинде 293 жана 323-контурларда жайгашкан Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерине жеке адамдардын жерлерин которуу жөнүндө жалган чечим чыгарышкандыгы аныкталган. 

Натыйжада, жеке жактардын алгачкы чек аралары Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерине атайылап жылдырылган. Ошол эле учурда Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун 20 гектар аянттагы жерлери да жеке адамдарда калып кеткен.

Топтолгон материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү менен "Коррупция" боюнча кылмыш иши козголду. Аталган факты боюнча учурда "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин (азыркы жер ресурстары кызматы) мурдагы эки жетекчиси, Новопокровка айыл өкмөтүнүн башчысы жана башчысынын орун басары жана бул ишке тиешеси бар башка адамдар кармалып, камакка алынды. 

Тергөөнүн жүрүшүндө 1982-жылы туулган К. Н. аттуу жарандын мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар экени да аныкталган. Маалыматтарга караганда, ал эч жерде иштебейт, жер участокторун сатуу менен алектенген ортомчу. Алынган маалыматтар боюнча 1982-жылы туулган К. Н. жана анын туугандарынын атына 35 кыймылсыз мүлк объектиси, анын ичинде Новопокровка айыл өкмөтүнүн аймагында жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан жер участоктору катталган. Аталган жаран кармалып, камакка алынды.

Андан тышкары “коррупция” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында бул жаранга тиешелүү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр, анын ичинде “Toyota Land Cruiser”, “Hyundai Tucson”, “Nissan”, “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү унаалар камакка алынды. Ошондой эле башка кыймылсыз мүлк объекттери Ысык-Көл облусунда жайгашкан “Русалка” дарылоо-ден соолукту чыңдоо борбору, “Падышах” рестораны камакка алынды.

ИИМдин КИББдин 4-башкармалыгынын маалыматы боюнча, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын, Новопокровка айыл өкмөтүнүн (анын ичинде жергиликтүү кеңештин), “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жана башка мамлекеттик мекемелердин айрым кызмат адамдары алдын ала сүйлөшүп алышып, материалдык, ар кандай башка байлыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында мыйзамга каршы туруктуу байланыш түзүшкөн.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекеттин менчигинен мыйзамсыз жер которуу жолу менен 20 гектар жер чыгарылып кеткен.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат”, -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/novo-pokrovka-ajyl-kmt-bashchysy-zhana-bir-neche-mamlekettik-kyzmatkerler-20-gektar-zherdi-myjzamsyz-satyp-zhibergen



Добавить комментарий