Бишкекте жаңы салынып жаткан инфекциялык оорукананын 70 пайызы бүткөрүлдү
Бишкекте курулуп жаткан инфексиялык оорукананын 70 пайызы бүткөрүлдү. Бул тууралуу премьер - министр Кубатбек Бороновдун маалыматына таянып "Барометр" билдирет.
«Саламаттык сактоонун бир катар объектисинде курулуш жана ремонттук-калыбына келтирүү иштери жүрдү», - деп Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, алардын ичинен 4-сентябрга карата жети ооруканада иштер бүттү:
1 Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы №59 кесиптик-лицейдин профили өзгөртүлдү – 150 орундуу оорукана.
2 Орловка шаарындагы 45 орундуу оорукана толук ремонттолду.
3 Баткен шаарындагы поликлиниканын эски имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, 90 орундуу оорукана түштү.
4 Жалал-Абад шаарында хирургиялык борбору – 100 орундуу.
5 Көк-Жаңгак шаарындагы калкты медтейлөө борбору – 60 орундуу.
6 Каракол шаарында областтык бириккен оорукананын башкы бөлүмү – 150 орундуу.
7 Чолпон-Ата шаарындагы райондук оорукана – 70 орундуу.
Калган ооруканаларда иштер толук кандуу жүрүп жатат. Эл арасында Бишкек шаарында курулуп жаткан инфекциялык ооруканага айтылган сындар көп болууда. Айта кетүүчү нерсе, оорукананын учурда 70%ы бүткөрүлдү. Бул оорукана тез курулуучу атайын конструкция менен тургузулган. Ал ар кандай инфекциялык ооруларга, анын ичинде коронавируска каршы күрөшүүгө пландаштырылып, салынууда.
«Булар менен бирге дары-дармектердин запастары камдалып, фарм компаниялардын аларды алып келүүсү боюнча маалыматтар күнүгө такталып турат. Ошондой эле салынып жаткан ооруканалар медициналык техника жана эмеректер менен толук жабдылат», - деп билдирди Боронов.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhay-salynyp-zhatkan-oorukananyn-70-pajyzy-btkrld
Добавить комментарий ×