Бишкекте “Семетей” госпиталы жабылды

14 август 2020 09:28 2101 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Семетей” госпиталы жабылды. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Кечээ, “Семетей” госпиталындагы коронавирус менен ооруган 8 бейтап сакайып чыкты. Жалпысынан стационар 47 күн иштеди. Бул аралыкта 1500 бейтап, анын ичинен 300гө жакыны реанимацияда дарыланган. Белгилей кетсек, учурда күз-кыш мезгилдерине, экинчи толкунга даярдык көрүү иштери улантылып жатат.  Бул убакыттын ичинде кошумча шарттар каралып, көйгөйлөрдү чечүү жана лаборатория түзүү пландалууда

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-semetej-gospitaly-zhabyldy



Добавить комментарий