Бишкекте “Семетей” госпиталы жабылды
Поделиться в:
“Семетей” госпиталы жабылды. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Кечээ, “Семетей” госпиталындагы коронавирус менен ооруган 8 бейтап сакайып чыкты. Жалпысынан стационар 47 күн иштеди. Бул аралыкта 1500 бейтап, анын ичинен 300гө жакыны реанимацияда дарыланган. Белгилей кетсек, учурда күз-кыш мезгилдерине, экинчи толкунга даярдык көрүү иштери улантылып жатат. Бул убакыттын ичинде кошумча шарттар каралып, көйгөйлөрдү чечүү жана лаборатория түзүү пландалууда
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-semetej-gospitaly-zhabyldy
Добавить комментарий ×