Бишкекте үй-жайсыздар үчүн баш калкалоочу жайлар иштеп жатат

4 ноябрь 2021 10:03 1658 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте сууктун келиши менен үй-жайсыз адамдар учүн туруктуу жана убактылуу приюттар иштей баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Октябрь районунун аймагында №12 мирорайондо Аалы Токомбаев көчөсүндө 80 адамга ылайыкталган убактылуу жай иштеп жатат.

Свердлов районунда 40 адамга ылайыкташтырылган жай Фере 34а дарегинде жайгашкан. Бул имаратка ремонт жасалып керебеттер, матрацтар, жаздыктар, одеяло, шейшептер сатылып алынган.

Биринчи май районунда Жибек-Жолу проспектисинде «Коломто» муниципалдык ишканасы иштеп жатат, ал 70 адамга ылайыкташкан. Бир маал ысык тамак берилип, керектүү буюмдар менен камсыздоо уюштурулган.

Үй-жайсыздарды приюттарга укук коргоо органдары жана тез жардам кызматкерлери жеткирүүсү керек.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-j-zhajsyzdar-chn-bash-kalkaloochu-zhajlar-ishtep-zhatat



Добавить комментарий