Кар тазалаш үчүн 37 атайын техника иштеп жатат
Поделиться в:
Бишкек мэриясынын коммуналдык кызматтары түнкү саат 01:30да көчөгө чыгышып ишин башташты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
Саат 02:00дө “Тазалык” ишканасынын жол эксплуатациялык бөлүмүнүн кызматкерлери 37 атайын техника: 28 кар тазалоочу унаа, 4 универсалдуу унаа, 5 чакан трактор менен жолго техникалык туз төгө башташты.
Бүгүн эртең мененкиге карата 354 тонна техникалык туз төгүлдү.
Учурда 657 жумушчу штаттык режимде иштеп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/kar-tazalash-chn-37-atajyn-tehnika-ishtep-zhatat
Добавить комментарий ×