Бишкекте Кой-Таш окуясы боюнча соттук иши кайрадан жылдырылды

3 июль 2020 16:16 593 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча териштирүү иши 6 - июлга жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө А.Ш.Атамбаев, Ф.А.Ниязов, И.Ю.Карамушкина, А.С.Кодуранова, Р.Б.Джеенбеков, М.Дж.Мискенбаев, К.А.Жолдубаева, К.Р.Сагымбаев, М.Т.Шаменов, Р.Карыпбек уулу, Ф.Ж.Баабиев, К.А.Осмоналиев жана Н.Капарбек уулун айыптоо боюнча жазык иши каралууда.

Айыпталуучулардын алынып келинбегендигине байланыштуу, бүгүнкү соттук териштирүү 2020-жылдын 6-июль күнүнө саат 10:00гө жылдырылды.

Буга чейинки соттук отурум, айыпталуучулардын жайтоочусу келбегенине байланыштуу жылдырылган.

Кой-Таш окуясы боюнча жалпысынан 14 киши айыпталып жатат. Алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар. Бирок тергөө менен кызматташкан беш кишинин иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.

Белгилей кетсек, 2019-жылы 7-августта Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын кызмат операция уюштурган, бирок андан майнап чыккан эмес. Тилекке каршы бул күнү атайын кызматтын бир өкүлү Үсөн Ниязбеков каза болгон. Андан сырткары Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Самат Курманкулов башынан жаракат алган.

Ал эми 8-августта ИИМ жүргүзгөн операцияда Атамбаев багынып берген.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-birinchi-maj-sottuk-terishtir-6-iyulga-zhyldyryldy



Добавить комментарий