Кой-Таш: Атамбаев сот залынан чыккандан кийин тарапташтарына кол булгалады. Видео
Былтыр 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча алгачкы сот отуруму Биринчи Май райондук сотунда өтүп, ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алынып келди. Сот жабык болгондуктан башка айыпталуучулардын жакындары менен журналисттер залга киргизилген жок. Бирок ишти караган сот ишти эртеңкиге, 4-мартка жылдыруу боюнча чечим кабыл алган.
Андан кийин атайын аскерлердин коштоосунда Атамбаев машинага отуруп жатканда аны колдоп келгендерге кол булгалады.
Аталган сот отурумуна Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева дагы келди. Бирок ал журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартып, соттун аймагынан башка кишилердин коштоосунда чыгып кетти.
Кой-Таш окуясы боюнча жалпысынан 14 киши айыпталып жатат. Алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар. Бирок тергөө менен кызматташкан беш кишинин иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.
Белгилей кетсек, 2019-жылы 7-августта Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын кызмат операция уюштурган, бирок андан майнап чыккан эмес. Тилекке каршы бул күнү атайын кызматтын бир өкүлү Үсөн Ниязбеков каза болгон. Андан сырткары Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Самат Курманкулов башынан жаракат алган. Учурда ал Москвада дарыланууда.
Ал эми 8-августта ИИМ жүргүзгөн операцияда Атамбаев багынып берген.
Добавить комментарий ×