Дүйнөнүн 200дөн ашык спортчусу келет. Бишкекте бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты болот

20 февраль 2024 14:59 1423 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте чоңдор арасында бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты жана жаштар арасында Дүйнө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, 22-25-февраль күндөрү жаштар арасында "Эркин пирамида" түрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. 

Ал эми чоңдор арасында "Аралаш пирамида" түрү боюнча мелдештер 27-февраль күнү башталып 2-мартка чейин уланат.

Жалпысынан мелдешке дүйнөнүн 20га жакын өлкөсүнөн 200дөн ашык спортчу катышаары күтүлүүдө.

Мелдештердин программасы:

22-25-февраль жаштар арасында “эркин пирамида” оюну боюнча мелдештер. Башталышы саат 10:00.

27-февралдан тарта 2-мартка чейин чоңдор арасында “Аралаш пирамида” боюнча мелдештер. Башталышы саат 10:00.


Ссылка: https://barometr.kg/djnnn-200dn-ashyk-sportchusu-kelet-bishkekte-bilyard-boyuncha-djn-chempionaty-bolot



Добавить комментарий