Бишкекте 18 жаштагы жигитти поезд сүзүп кетип каза болду
Бөлүшүү:
Бишкекте 18 жаштагы жигитти поезд сүзүп кетти. Ал жакындап келе жаткан поезддин сигналын уккан эмес. Бул тууралуу Свердлов РИИБнин маалыматына таянып "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, кырсык 27-июнь күнү эртең менен темир жолдун Ауэзов менен Валиханов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкесинде болгон.
"Окуя болгон жерге Свердлов РИИБнин тергөө-ыкчам тобу барганда, алдын ала маалыматтар боюнча, 2004-жылы туулган К.Б.ны поезд сүзүп кеткен. Ооруканага жеткирилген жигит эсине келбей, алган жаракатынан улам каза болгон", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-18-zhashtagy-zhigitti-poezd-szp-ketip-kaza-boldu
Добавить комментарий ×