Бишкек шаарында 42 жаштагы адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды
Милиция кызматкерлери киши өлтүрүүгө шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, кече, 10- мартта болжол менен саат 07:08 чамасында Бишкек ШИИББнын "102" кызматына Ахунбаева көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде кишинин жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн.
"Айтылган дарекке ошол замат, милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1979-жылы туулган Т.Д. аттуу жаран киши колду болуп өлгөндүгү аныкталган.
Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1967-жылы туулган Б.О. аттуу жаранды кармашып, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Октябрь райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynda-42-zhashtagy-adamdy-ltrg-shekt-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×