Токмокто 37 жаштагы жигитти өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

13 ноябрь 2023 13:02 1934 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Токмок шаарында жөө жүргүнчүнү  өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чуй ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, кырсык, 11-ноябрь күнү саат 03:30 чамасында болгон.

“Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде белгисиз автоунаа 1986-жылы туулган С.К. аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада С.К. аттуу жаран алган жаракаттарынан улам каза тапкан.

Аталган факт Токмок ШИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 312-беренесинде көрсөтүлгөн (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Токмок ШИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында, С.К. аттуу жаранды сүзүп, иизин сууткан айдоочунун өзүгү аныкталып, ал 1999-жылы туулган М.И. аттуу жаран экендиги, ал өзүнүн “Субару Форестер” үлгүсүндөгү автоунаасы менен сүзүп качып кеткени аныкталган.

Тергөөнүн натыйжасында автоунаа атайын айып автоунаа токтотуучу жайга киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалып, айдоочу М.И. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык аталган кылмыш ишине шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө амалдары уланууда”, -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/tokmokto-37-zhashtagy-zhigitti-ltr-szp-kachyp-ketken-ajdoochu-karmaldy



Добавить комментарий