Бишкек шаарында 42 жаштагы адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

11 марта 2021 11:22 620 Barometr
Поделиться в:
ok

Милиция кызматкерлери киши өлтүрүүгө шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалым болгондой, кече, 10- мартта  болжол менен саат 07:08 чамасында Бишкек ШИИББнын "102" кызматына  Ахунбаева көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде кишинин жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке ошол замат, милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1979-жылы туулган Т.Д. аттуу жаран киши колду болуп өлгөндүгү аныкталган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1967-жылы туулган Б.О. аттуу жаранды кармашып, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Октябрь райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынды.



Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynda-42-zhashtagy-adamdy-ltrg-shekt-zharan-karmaldy



Добавить комментарий