Коомдук автобуска тебеленип каза болгон окуучу баланы жерге коюу зыянатын уюштурууга мэрия жардам берет
Бөлүшүү:
Бишкек шаардык бийлиги коомдук автобуста каза болгон окуучу баланы жерге коюу зыянатына жардам берет. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден кабарлады.
Эске салсак, кечээ 3-октябрда саат 16:00 чамаларда окуучу бала №18 автобустун дѳңгѳлѳгүнүн алдында калып каза болгон. Айдоочу автобусту Кызыл Туунун аялдамасында токтотуп, жүргүнчүлѳрдү түшүргѳн. Алдын-ала маалыматтарга караганда окуучу бала автобустан түшкѳндѳ кийими унаанын эшигине илинип калган. Ошол себептен бала жыгылып, дѳңгѳлѳктүн алдында калган.
Каза болгон бала Мырза Жумакалиев, 5 класстын окуучусу, апасы экономист, атасы курулуш компаниясынын кызматкери, Сокулук районунда жашашат, беш бир тууганы бар.
Добавить комментарий ×