Коомдук автобуска тебеленип каза болгон окуучу баланы жерге коюу зыянатын уюштурууга мэрия жардам берет

4 октября 2019 10:00 2095 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Бишкек шаардык бийлиги коомдук автобуста каза болгон  окуучу баланы жерге коюу зыянатына жардам берет. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден кабарлады.

Эске салсак, кечээ 3-октябрда саат 16:00 чамаларда окуучу бала №18 автобустун дѳңгѳлѳгүнүн алдында калып каза болгон. Айдоочу автобусту Кызыл Туунун аялдамасында токтотуп, жүргүнчүлѳрдү түшүргѳн.  Алдын-ала маалыматтарга караганда окуучу бала автобустан түшкѳндѳ кийими унаанын эшигине илинип калган. Ошол себептен бала жыгылып, дѳңгѳлѳктүн алдында калган.

 Каза болгон бала Мырза Жумакалиев, 5 класстын окуучусу, апасы экономист,  атасы курулуш  компаниясынын кызматкери, Сокулук районунда жашашат, беш бир тууганы бар.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaardyk-meriya-koomduk-avtobusta-kaza-bolgon-okuuchu-balany-zherge-koyuu-zyyanatyna-uyushturat



Добавить комментарий