Бишкек-Ош жолунда «Мерседес-Бенц Спринтер» даракты сүзүп, айдоочу каза тапты
Бөлүшүү:
Бишкек-Ош жолунун 369-чакырымында «Мерседес-Бенц Спринтер» микроавтобусунун айдоочусу рулду башкара албай калып даракты сүзүп алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” маалымдайт.
Аталган маалыматка таянсак, жол кырсыгынан 1990-жылы туулган айдоочу А. А.,каза тапты, дагы 2 аял жаракат алды.
Окуя болгон жерге 5 куткаруучу барып, айдоочунун сөөгүн тез жардам кызматына өткөрүп беришти.
Жабыркагандар ооруканага жеткирилди.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-zholunda-mersedes-benc-sprinter-darakty-tzp-ajdoochu-kaza-tapty
Добавить комментарий ×