Унаадан эч нерсе калбады. Токтогулда болгон жол кырсыгынан бир адам каза болуп, 6 киши оор абалда
Поделиться в:
Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” маалымдайт.
Аталган маалыматка таянсак, Жалал-Абад областында «Honda CR-V» менен «Mercedes-Benz Sprinter» унаасы кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен 1956-жылы туулган С. Р. каза тапты.
Мындан тышкары 4 эркек, 2 аял жабыркады.
Окуя болгон жерге 5 куткаруучу барып, каза тапкан эркектин сөөгүн унаадан чыгарып, дарыгерлерге өткөрүп беришти.
Жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасына жеткирилди. Алардын абалы оор.
Добавить комментарий ×