Бир бейтаптын абалы оор. Кара-Сууда уулангандардын эмне ичип-жегени айтылды

11 март 2021 16:12 1487 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кара-Суудагы массалык уулануудан жабыркагандардын абалы тууралуу билдирүү таратты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Аталган министрликтин маалымат кызматынын айтымында, Ош облустук ооруканасына 13 жаран кайрылган.

“Көрсөтүлгөн жардамга карабай, уулангандардын ичинен 50 жана 58 жаштагы аялдар каза болушкан. Бирөө Ош шаардык ооруканасынан, экинчиси Кара-Суу аймактык ооруканасынан каза болгон.

Учурда, бир бейтап Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Дарыгерлердин айтымында, бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

Калган 10 бейтап Кара-Суу аймактык ооруканасында дарыланып жатышат. Абалдары туруктуу оор деп айтылууда.

Мындан тышкары, юбилейге барган 15 киши жашаган аймагы боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө. Уулануу боюнча эпидемиологиялык териштирүү иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 60-жылдык юбилей Кара-Суу районунун Нариман айлында 6-март күнү өткөн. Эртеси, 7-марттан баштап, кечеге катышкандардын көпчүлүгүндө баш оору, кусуу, ич өтүү белгилери пайда боло баштаган. Биринчи кезекте баары өз алдынча үйдөн дарыланышкан. 9-март күнү абалдары начарлай баштаганда анан ооруканага кайрылышкан.

Алдын ала маалымат боюнча, кечеге баргандарга консерваланган тамак-аштарды (үй шартында жасалган салат, компот, кыям) колдонуудан улам ууланган деген диагноз коюлган.

Белгилей кетсек, массалык уулануу март айында ушуну менен экинчи жолу катталып жатат. Буга чейин, Аксы районунда майрамдык отурушка барган туугандар массалык түрдө ууланып, үч адам ооруканга жетпей каза болуп, дагы үчөө ооруканадан каза болгону айтылган. 

Ссылка: https://barometr.kg/bir-bejtaptyn-abaly-oor-kara-suudagy-uulangandardyn-emne-ichip-zhegeni-ajtyldy



Добавить комментарий