Кара-Сууда массалык уулануудан каза болгон аялдын жакындары арыз жазуудан баш тартты

11 марта 2021 15:46 1967 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы адам өмүрүн алган массалык уулануу боюнча милиция билдирүү таратты. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы берген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Кече, 10-март күнү болжол менен саат 22:45 чамасында Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылынын 50 жаштагы тургуну батулизм оорусунан улам, аймактык ооруканадан каза болгондугу милицияга маалымдаган.

Аталган маалыматты текшерген учурда, каза болгон аялдын жолдошу жана уулу аталган окуя тууралуу эч кимге эч кандай арыз дооматтары жок экендигин билдиришип, арыз жазуудан жана жансыз денени соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баштартышкан.

Аталган окуя боюнча берилген маалымат Кара-Суу РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктуу реестрине  каттоого алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүп баштады.

Каза болгон Джураева Одина Байматовна 1970-жылдын 22-ноябрында туулган.  Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылынын тургуну. Үй-бүлөлүү бир кыз бир уулдун энеси”, - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Ош облусунун Кара-Суу районунда 60 жылдык юбилейден кийин уулануудан 2 аял каза болгону кабарланган. Ошондой эле 11 жаран ооруканада жатканы белгилүү болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-suuda-60-zhyldyk-yubilejden-uulanyp-kaza-bolgon-ayaldyn-zhakyndary-miliciyaga-aryz-zhazuudan-bash-tartty



Добавить комментарий