Бек Борбиев: "Балп этмейи жок эле тышкы саясатты ордуна койду"
Бөлүшүү:
Ырчы жана обончу Бек Борбиев Кыргызстан менен Таджикистандын президенттеринин жолугушуу учурундагы сүрөткө болгон пикирин жарыялады.
Анын баамы боюнча, Сооронбай Жээнбековдун мурунку президенттей болуп "балп этмейи жок экен".
"Башка бирөөгө салыштырсак да, салыштырбасак да, негизи президент дегенге татыктуу сүрөт болуптур.
Ыдыраган тышкы саясатты ордуна коюп койду.
Коңшунун алдында дагы башыбызды бийик кармап турабыз. Кокуй эмне деп жиберет экен, балп этип тантырап албадыбы деп күпөйүл болбой калдык, кудайга шүгүр.
Баса, костюму дагы, эки размер чоң эмес", - деп жазды Борбиев.
Ссылка: https://barometr.kg/bek-borbiev-balp-etmeji-zhok-ele-tyshky-sayasatty-orduna-kojdu
Добавить комментарий ×