Бек Борбиев: "Балп этмейи жок эле тышкы саясатты ордуна койду"

26 июля 2019 17:20 5665 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы жана обончу Бек Борбиев Кыргызстан менен Таджикистандын президенттеринин жолугушуу учурундагы сүрөткө болгон пикирин жарыялады.

Анын баамы боюнча, Сооронбай Жээнбековдун мурунку президенттей болуп "балп этмейи жок экен".

"Башка бирөөгө салыштырсак да, салыштырбасак да, негизи президент дегенге татыктуу сүрөт болуптур.

Ыдыраган тышкы саясатты ордуна коюп койду.

Коңшунун алдында дагы башыбызды бийик кармап турабыз. Кокуй эмне деп жиберет экен, балп этип тантырап албадыбы деп күпөйүл болбой калдык, кудайга шүгүр.

Баса, костюму дагы, эки размер чоң эмес", - деп жазды Борбиев.

Ссылка: https://barometr.kg/bek-borbiev-balp-etmeji-zhok-ele-tyshky-sayasatty-orduna-kojdu



Добавить комментарий

  • Жанболот 5 лет назад
    Бек Борбиев ошончо кошоматчылык кылгандын кереги бар беле,адам принципилдуу болуш керек го,ошол костюм эки размер чон кезде эмнеге айтпадын,эми жоо кеткен сон кылычынды бокко чап дегендей.Бакиевдерге барып ырдап келгенинди эл унута элек азырда.