Баткендеги каналдан эркек кишинин сөөгү табылды
Бөлүшүү:
Баткен областынын Кадамжай районундагы Марказ айылындагы каналдан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аталган кабарга таянсак, бүгүн болжол менен саат 07:50дө ӨКМнын 102 кызматына Жайылма каналынан 40-45 жаштар чамасындагы эркектин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Каза тапкан адамдын өздүгү такталууда.
Окуя болгон жерге үч куткаруучу барды, алар каза тапкан адамдын сөөгүн алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/batkendegi-kanaldan-erkek-kishinin-sg-tabyldy
Добавить комментарий ×