Баткен шаарында саат 21.00дөн кийин ичимдик сатууга тыюу салынды
Баткен шаарында түн ичинде спирт ичимдиктерин сатууга чектөө коюлду.Тиешелүү токтом кечээ, 26-октябрда шаардык кеңештин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик администрациядан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Аталган кабарга ылайык, калаада кечки саат 21.00дөн эртең мененки саат 9.00гө чейин спирт ичимдиктерин сатууга чектөө коюлду.
Мындай токтом шаардын аймагында коомдук тартипти сактоо максатында кабыл алынды. Дагы бир себеп түн ичинде электр жарыгын өчүрүү болду.
Мындан тышкары Баткендин ички иштер бөлүмү акыркы убакта ичимдик ичип алып жасалган кылмыштардын саны өсүп жатканын белгилөө менен буга окшогон убактылуу мораторий киргизүүнү суранган.
Ссылка: https://barometr.kg/batken-shaarynda-saat-2100dn-kijin-ichimdik-satuuga-tyyuu-salyndy
Добавить комментарий ×