Өзбекстан Баткенге эки мектеп курат
Поделиться в:
Өзбекстан Баткенге эки мектеп курат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
Анын айтымында, бул мектептерди Өзбекстан толугу менен каржылайт. Эки мектеп тең авариялык абалда калган мектептердин ордуна курулмакчы.
Биринчиси Самаркандек айылына 350 орундуу интернат, экинчиси Лейлек районунун Маргун айылына 500 орунга эсептелген мектеп болмокчу.
Ссылка: https://barometr.kg/zbekstan-batkenge-eki-mektep-kurat
Добавить комментарий ×