Баткендин Суу-Башы жана Кыштут айылдарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Баткендин Суу-Башы жана Кыштут айылдарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 12-июнь күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен районунун Суу-Башы жана Кыштут айыл өкмөтүнүн аймагында сел суулары келип, ӨКМ кызматкерлери жана район акими Жарандык коргонуу кызматтары менен кошо жеринде жумуш алып барып, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 2 айыл өкмөттө тең Өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.
“Жарандык коргонуу кызматтарына тиешелүү тапшырмалар берилип, ар бир кызмат өз тармагы боюнча жумуш алып баруусу милдеттендирилген.
Кечээ, 15-июнь күнү Жарандык коргонуу башчысы-аким У.Жоробаевдин буйругуна ылайык, Кыштут жана Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында Өзгөчө кырдаал режими алынды”, -деп жазылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/batkendin-suu-bashy-zhana-kyshtut-ajyldaryna-zgch-kyrdaal-rezhimi-kirgizildi
Добавить комментарий ×