Бактылуу жана ийгиликтүү адам сакташы керек болгон 4 мыйзам

22 февраль 2023 11:15 5779 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Айрым адамдар эмне үчүн жашоодо бактылуу болушат, алар эмне үчүн туруктуу кирешеси, бактылуу  үй-бүлөсү, чың ден соолугу болуп, иштери жеңил жана тез аткарыларын ойлонуп көрдүңүз беле.Бул көп учурда ааламдын Кудайым жараткан 4 мыйзамын ар дайым сактагандан болот дешет энергетика жаатындагы адистер. Бүгүн barometr.kg ал мыйзамдар тууралуу сиздерге сунуштайт.

1-мыйзам. Тең салмактуулук мыйзамы

Бул мыйзамда “Алгач бир нерсе алыш үчүн, анын ордуна бир нерсе сунуштоо зарыл” деп айтылат.

Дүйнөнүн баары энергиядан турса, адамда ар дайым энергия алмашуу жүрүп турат. Анын ар бир оюу, сөзү тышкаркы дүйнөгө таасир берсе кайра анын ордуна ошол нерсени алып турат.

Бул мыйзамдын принциптерине ылайык, баардык нерседе тең салмактуулук сакталышы керек.

Энергия эч качан жок болбойт, ал бир жерде бөксөрсө, бир жерде толот. Ошондуктан айланага берип жаткан нерсебиз тууралуу дайыма ойлонушубуз керек.

Тең салмактуулук мыйзамын сактап туруш үчүн бирдей өлчөмдө берип жана бирдей өлчөмдө алып туруу зарыл.

Ащыкча берүү дагы, эмгекти баалбай коюу дагы болбойт. Көп берип аз алган адамдар болот, бул дагы туура эмес, аз берип көп алган адамдар дагы болот. Бул дагы туура эмес, баарын туура баа менен эсептеп, ашыкча нерсени бузбоо бул мыйзамдын талабы.

Мисалы, жолдошуңузду ашыкча сүйүп эле асыла берсеңиз сизди барктабай калат, карабай койсоңуз сизден кетип калат. Жумушчуларыңызга көп айлык берсеңиз өзүңүз банкрот болосуз, аз айлык берсеңиз ошончолук алар ишиңизди аксатат.Баардык жерде тең берип, тең алып жүрүү менен ааламдын бул мыйзамын сактаган болосуз.

2-мыйзам: Бергендин алмагы бар

Экинчи мыйзам “Бергендин алмагы дагы бар” деп аталат

Ага ылайык сизге берилип жаткан сый-урматтын дагы, ден соолуктун дагы, аманат нерселердин дагы сурагы болот. Аларга тең бир иш жасап турбасаңыз, өнүгүү үстүндө болбосоңуз жана берилген нерсени баалабасаңыз Кудайым берген нерсени алып койгон учурлар дагы көп.

3-мыйзам. Колуңдан келген жакшылыкты гана жаса

Үчүнчү мыйзам “көптү берип, көп күтпө” деп аталат.

Анын мааниси бирөөгө жакшылык жасап жатсаңыз андан кайтат деп күтпөй жасаңыз деген сөз. Алыңыз келбей жатса дагы жакшылык жасай берсеңиз энергиялык жактан кемүүнүн үстүндө гана болосуз.

Анын мааниси ар ким алына жараша иш кылганы дурус дегенде жатат.

4-мыйзам. Тандоо укугунун бар болушу

Адам кандай жагдайда болсо дагы анын ар дайым тандоо укугу болот.Ар бир күн тандоо менен башталат.

Эгерде жашообуз жакшырсын десек ар дайым аны атайлап тандоо жасап өзгөртүүгө аракет кылуу керек.Ааламда сиз үчүн окуялардын түрдүү варинаттары бар, сиз аны тандоого ар дайым укуктуусуз. Болгону азыр ички ой, көз карашыңызды өзгөртүңүз, ошол тарапты көздөй аракет кылыңыз.

Ссылка: https://barometr.kg/baktyluu-zhana-ijgilikt-adam-saktashy-kerek-bolgon-4-myjzam



Добавить комментарий